Валерий Диль "бүгүн өлкөдөгү немистер өздөрүн ишенимдүү сезишет" деди

Бүгүн, 3-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон этникалык немистердин тарыхына арналган “Кыргызстан тарыхындагы немистер” аттуу көргөзмөнүн ачылышына катышты.

Иш-чарада өкмөт мүчөсү: “Немистердин Ала-Тоо жерине келип отурукташып калышына көп себептер болгон. Бирок кандай болгондо да немистер Кыргызстандын ажырагыс бөлүгү болуп, аны жердеп калышкан. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү немистер өздөрүн ишенимдүү сезип, алар сыймыктуу түрдө өз өлкөсүнө пайда алып келүү максаты менен жашап жаткандыгы тууралуу айта алышат",- деди.

Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөнүн максаты – коомчулукка жана дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстан немистеринин тарыхын, алардын өлкөнүн экономикасын, маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымын көрсөтүү, Кыргызстан менен Германиянын келечектеги кызматташуу жана интеграция жолдорун чагылдыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан