Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Ыйык Курман айт адамдарды ыймандуу, сабырдуу, кечиримдүү жана биримдиктүү болууга чакырат. Ушул күн бизди дайыма пейилибизди түздөп, жардамга муктаж адамдарга кол сунуп, жакындарыбызга кубаныч тартуулаганга үндөйт. Мусулман бир туугандар, Курман айтта тилеген аруу тилек, илгери ой-максаттарыбыз жүзөгө ашсын. Азыркы тапта ажылык сапарда жүргөн мекендештерибиздин ыйык Каабада жасаган зыяраты кабыл болсун. Элибизде береке орноп, Кыргызстанда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн. Жараткан өзү өлкөбүздү колдоп, жаркын келечегибизге жеткирсин!
Айт маарек болсун!"