Премьер-министр
Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчынын куттуктоосу төмөнкүдөй:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди мусулмандардын ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер. Биздин ата-бабаларыбыз көптөн бери Курман айтты белгилеп келишет. Бул күнү бардык мусулмандар курмандык чалып, дасторкон даярдап көзү өткөндөрдү эскеришет. Курман айт майрамында Кудай Кыргызстандын элине тынчтык, ынтымак тартууласын. Ар бир үйдө береке, жетишкендик жана бакыт өкүм сүрсүн. Курман айт майрамы убакытты үй-бүлө менен чогуу өткөрүүгө, жолдоштор менен достук мамилени жаңылоого, бизден узап кеткендерди эскерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Муну менен бирге бул майрам муктаж болгондорго, жетимдерге, карыларга жана жесирлерге жардам берүүгө багытталганын эске алышыбыз керек.
Урматтуу мусулмандар! Кымбаттуу мекендештер!
Ар дайым сиздердин үй-бүлөңүздөрдө ынтымак жана бакыт, ал эми республикада туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү болсун".