Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Муну президенттик аппараттан билдиришти.
“Жараткандан сизге жалпы мусулмандарга ак батасын берсин деп тилейм, элдерибизди тынчтык, ынтымак жана сабырдуулук жолуна жетелесин. Жараткан сиздердин бардык жакшы тилектериңиздерди, ишиңиздерди кабыл кылсын”,- деп айтылат куттуктоодо.
Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчыга чың ден соолук, узун өмүр, күч-кубат, Кыргызстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.