Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-октябрда Курман айт майрамынын алкагында Арашан айылында өткөн Айт намазына катышты. Муну президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. Өлкө башчы мурунку Айт намазды да аталган айылдагы мечиттен окуганы маалым. Айт намаздан кийин мамлекет башчы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди. Айта кетсек, бүгүн өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө.