Жоомарт Оторбаев: "Мугалим - ар бирибиздин жашообуздагы маанилүү адам"

Өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 
"Кымбаттуу окутуучулар!
Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Жыл сайын окутуучулар жана билим берүү кызматкерлеринин күнү октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет. Бул күнү окутуучулардын бардык деңгээлдеги билим берүү процессине сиңирген эмгеги жана ролу, коомду өнүктүрүүдөгү баа жеткис салымы белгиленет. Мугалим - ар бирибиздин жашообуздагы маанилүү адам. Мугалим акылдуулуктун жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болуу менен өзүнүн иши аркылуу көптөгөн муундун дүйнө таанымын негиздейт",- деп башталган куттуктоодо мугалимдердин коомдогу орду, алардын жаш муунду тарбиялоодогу баа жеткис эмгеги тууралуу кенен сөз болот. 
Оторбаев окутуучуларга бекем ден соолук жана бакубатчылык, бакыт, иштерине ийгилик каалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан