Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда Бишкекте өткөн Айт намазга катышып, мекендештерди президент Алмазбек Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Курман айт майрамы менен куттуктады. Спикердин сүйлөгөн сөзү төмөндө:
"Ассалоому алейкум, урматтуу мекендештер!
Ассалоому алейкум, ардактуу мусулмандар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Айтыңыздар маарек болсун! Мусулман журтчулугунун негизги майрамы болгон бул күндү ата-бабаларыбыз эзелтен аруу тилек, илгери үмүт менен белгилеп келишкен. Биз дагы Жараткандан жакшылык тилеп, элибизге бакыт каалап, бири-бирибизге жаркын маанай тартуулоого ниет кылып ушул аянтка чогулдук. Бизге мусулман болуп төрөлүп, мусулман коомунда, керемет жерде – Кыргызстанда жашоону насип кылган Алла Таалага ыраазы бололу.
Ушул күнү жан дүйнөнүн аруулугуна ниет буруп, жардамга муктаж адамдарга кол сунуп, Жараткандан жалаң гана жакшылык тилейбиз. Тилеген тилектерибиз, асыл ой-максаттарыбыз орундалсын.
Учурда миңдеген мекендештерибиз алыскы Меккеде өздөрүнүн парзын аткарып, кыргызстандыктарга, Кыргызстанга жакшылык тилеп, ыйык Каабада зыярат кылып жүрүшөт. Жараткан алардын ажылыгын кабыл кылсын.
Урматтуу мекендештер!
Курман айттын жалпы адамзат үчүн мааниси терең. Ал жер жүзүндөгү бардык мусулман калкын ыймандуулукка, кайрымдуулукка, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө жана биримдикке чакырат. Курман айт бизди дагы ынтымактуу эл болууга, адилеттүү бийлик жана ыймандуу коом курууга үндөйт. Ошондой өлкө болсок, келечегибиз кең болот, мамлекеттүүлүбүзгө эч бир күч доо кетире албайт.
Биз өткөөл мезгилдин белесин ашып, өнүгүү жолуна түштүк. Ынтымак-ырашкерликтин аркасында гана асыл ойлорубуз ишке ашат. Коомдо биримдикти чыңап, бир максатка умтулсак гана бакубат, күчтүү мамлекетти курууга жетишебиз. Бүгүнкү кыйынчылыктар убактылуу, аларды жеңебиз. Айрым жакынкы жана алыскы мамлекеттерге караганда жашообуз бир кыйла түзүк. Жаратканга шүгүр дейли, ушуга каниет кылалы. Кудай кааласа, алдыда руханий аруулукту туу туткан адилеттүү коом, эли байгер жашаган, өркүндөп-өскөн мамлекет курабыз.
Ылайым элибиздин ырыскысы кемибей, ынтымагыбыз арта берсин. Алла Таала буюрса, жаркын келечекти көздөгөн максатыбызга жетебиз, өнүгүп-өскөн мамлекет, ыймандуу коомду курабыз!
Кыргызстанды Кудай колдоп, өлкөбүздө дайыма тынчтык өкүм сүрүп турсун, эң негизгиси, ыйман оту жүрөгүбүздөн өчпөсүн.
Айтыңыздар маарек болсун!"