Каржы министрлиги: "Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар биринчи кезекте каржыланышы керек"

2014-жылдын 9 айында Нарын району үчүн теңдештирүүчү грантты каржылоо планы 45 миллион 900 миң сомду түзүп, аталган сумма толук жумшалды. Маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамынын 37-беренесине ылайык, муниципалдык ишканаларды, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо, дене тарбия мекемелерин, телекөрсөтүүнү, радиоуктурууну, басылмаларды, турак жай-коммуналдык, айыл, суу, токой чарбаларын каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Андан тышкары “2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө” мыйзамдын негизинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте жүргүзүлүүгө тийиш",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан