Кыргызстанда 7-октябрда жарандык авиациянын 81 жылдыгы белгиленет

Кыргызстанда 7-октябрда жарандык авиациянын 81 жылдыгы белгиленет. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, атаандаштыктан, жарандарга жакшы шарт түзүү үчүн кыргызстандык авиакомпаниялар ички жана сыртка учууларга билет баасын арзандатууну баштады. "Авиация - эл аралык туризм жана сооданын өнүгүшүнө ири салым кошо турган транспорт түрлөрүнүн бири. Географиялык жактан алганда Кыргызстан абада жүк ташуу боюнча ири потенциалга ээ. Акыркы жылдары жарандык авиациянын ишин жакшыртуу үчүн өкмөт бир топ иштерди жасады. Учурда Кыргызстанда 19 авиакомпания бар, анын 6сы жүргүнчү ташуу, калганы жүк ташуу жана атайын иштер менен алектенет",- деп билдирет министрлик. 
Айта кетсек, жарандык авиациянын түзүлгөн күнү 1933-жылдын 7-октябры деп айтылат. Бул күн майрам катары 1994-жылдан бери белгиленүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан