Алмазбек Атамбаев 28 өлкөнүн президенттерин Курман айт майрамы менен куттуктады (тизме)

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бир катар мамлекет башчыларын Курман айт майрамы менен куттуктады. Президенттик аппараттан билдиргендей, куттуктоолор төмөнкү президенттерге жиберилди:

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго

Алжирдин президенти Абдельазиз Бутефликке

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Ахмадзайге

Бангладештин президенти Абдул Хамидге

Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль-Халифге

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халиф Ибн Зайд Ан-Нахайянге

Бруней-Даруссалам мамлекетинин султаны Хассанал Болкиахга;

Египет Араб Республикасынын президенти Абдельфаттах Сисиге

Индонезиянын президенти Сусило Бамбанг Юдойоного

Иорданиянын падышасы II Абдаллага;

Ирактын президенти Жаляль Талабаниге

Ирандын президенти Хассан Роуханиге

Йемендин президенти Абд Раббо Мансур Аль-Хадиге

Малайзиянын падышасы Абдул Халим Муадзам Шахка

Марокконун падышасы VI Мохаммедге

Катардын эмири Тамим бин Хамад бин Халиф аль Таниге

Кувейттин эмири шейх Сабах аль-Ахмад аль-Жабер Ас-Сабахка

Омандын султаны Кабус Абдель Азиз аль Саудга

Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге

Палестинанын президенти Махмуд Аббаска

Сауд Арабиянын падышасы Абдалла бин Абдэль Азиз аль Саудга

Судандын президенти Омар Хасан Ахмед аль-Баширге

Тунистин президенти Монсеф Марзукиге;

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга.

Куттуктоо телеграммаларында элдердин маанилүү руханий мурасы болгон Курман айт жакшылык, адилеттүүлүк, мээримдүүлүк жана ынтымак өңдүү түбөлүктүү баалуулуктарды эске салары белгиленет.

Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларына мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди жана бакубатчылык, ал эми достук өлкөлөрдүн элдерине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан