Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-сентябрда "Кыргызстандын аймагында соода ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү тууралуу" токтомго кол койду. Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:
1. Кыргызстандын аймагындагы соода-сатык эрежеси
2. Кымбат баалуу металл жана таш жасалгалары соода-сатыгынын эрежеси
3. Калктан кымбат баалуу металл жана таш жасалгаларын сатып алуучу пункттардын иштөө эрежеси
4. Кыргызстандын аймагында соода-сатык ишмердүүлүгүндөгү атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жобосу.
Бул токтом менен соода-сатык ишмердүүлүгүндөгү ашыкча мамлекеттик жөнгө салуулар алынды жана эскирген механизмдер рынок принциптерине шайкеш келген жаңы заманбап нормалар менен алмаштырылды. Пайдалануучулардын укугун коргоо боюнча бир нече чаралар каралды.