Бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад шаарында Айт намазы борбордук “Аль-Бухари” мечитинде окулду. Ага бийлик өкүлдөрүнөн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдирди. Маалым болгондой, жамгыр жааганына байланыштуу намазга 3 миңге чукул киши чогулган (былтыр мындан кыйла көп болгон). Сарпашев шаар тургундарына өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атынан жана өзүнүн атынан куттуктоо сөзүн айтып, жакшылык каалады.