Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда 3-октябрда Карылар күнүнө жана Курман айт майрамына карата иш-чара өттү. Ага фонддун жетекчилиги менен кызматкерлери, мекемеде мурда иштеп кеткен эмгектин ардагерлери, пенсионерлер катышты. Фонддун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев кызматкерлер менен ардагерлердин талыкпас эмгегин белгилеп, аларга баалуу белектерди тапшырды. "Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин чакырылгандар дасторкондон даам сызышып, көптөн бери көрүшө элек эски кесиптештер бири-бири менен баарлашышты",- деп билдирет мекемеден.