Элчилердин ичинен эң көп киреше тапканы спикер Асылбек Жээнбековдун бир тууганы Жусупбек Шарипов

Мамлекеттик кадр кызматы Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилеринин жылдык кирешелери тууралуу тапшырган декларацияларын жарыялады. Андагы маалыматка таянсак, элчилердин ичинен 2013-жылы эң көп киреше тапканы Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси болгон. Аталган кызматты учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун бир тууганы Жусупбек Шарипов аркалайт. Кайсы элчинин жылдык кирешеси канча экени төмөндө:
Жусупбек Шарипов, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси: жылдык кирешеси 5 204 961 сом;
Эрмек Ибраимов, Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси: 3 миллион 615 074 сом;
Болот Отунбаев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси: 2 миллион 932 793 сом;
Гүлнара Искакова, Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси: 2 миллион 708 228 сом;
Лидия Иманалиева, Кыргызстандын Австриядагы элчиси: 2 миллион 389 869 сом;
Рысбек Молдогазиев, Кыргызстандын Япониядагы элчиси: 2 миллион 223 000 сом;
Дүйшөнкул Чотонов, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси: 2 миллион 198 344 сом; 
Авазбек Абдуразаков, Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси: 1 миллион 732 500 сом;
Болот Жунусов, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси: 1 миллион 611 487 сом; 
Улукбек Чыналиев, Кыргызстандын Украинадагы элчиси: 1 миллион 010 426 сом;
Эсенгул Өмүралиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси: 977 882 сом;
Канайым Бактыгулова, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси: 973 560 сом;
Эмилбек Узакбаев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси: 963 304 сом;
Урмат Саралаев, Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси: 930 869 сом. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан