Бишкек шаарында 7-октябрда СССРдин Эмгек сиңирген учкучу Ишенбай Абдраимовдун 100 жылдыгы белгиленет. Иш-чаранын алкагында өлкө жетекчилери, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, авиакызматкерлердин профсоюзунун өкүлдөрү баяндама жасашат. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, Ишенбай Абдраимовго арналган видеоролик көрсөтүлүп, мыкты авиакызматкерлерге "Ардактуу авиатор" төш белгисин жана Ардак грамоталарды тапшыруу аземи болот.
Ишенбай Абдраимов:
1914-жылы Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк айылында туулган.
Ташкенттен билим алган Абдраимов катардагы учкучтук кызматтан баштап Жарандык авиациянын Кыргызстандагы башкармалыгынын башчысы болууга чейин жеткен. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 62-гвардиялык авиациялык полктун курамында кызмат кылган. СССРдин 8 ордени, 17 медалы менен сыйланган.