Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШнын вице-президенти Жо Байдендин кечирим сурашын талап кылды. Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, Байден буга чейин Түркиянын аймагы аркылуу Сирияга согушчандардын өтүп жатышын Эрдогандын моюнга алганы тууралуу билдирүү жасаган. Бирок Түркия лидери муну четке кагууда. "Эгер ал Гарвардда чындап эле ушинтип айтса, анда ал кечирим сурашы керек",- дейт Эрдоган.
"Чет элдик согушчандар эч качан биздин өлкө аркылуу Сирияга өткөн эмес. Алар бизге турист катары келип, андан кийин Сирияга өтүп кете алышат. Бирок алардын колунда курал бар экенин эч ким айта албайт",- деп кошумчалады президент.