Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июлуна чейин 63 мыйзам долбоорун карады. Мунун ичинен 4ү жаңы мыйзам, 59у айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү долбоорлору. Отчёттуулук мезгилинде комитет 23 жыйын өткөргөн. 10 ай ичинде комитеттин атына 362 кайрылуу келип түшкөнү айтылды. Жарандар негизинен укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган чиновниктер тууралуу болгону комитеттин бир жылдык иши тууралуу отчётунда айтылат.