Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Сиздерди Ош шаарынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
3000 жылдык тарыхында Ош шаары далай оош-кыйыштарды баштан кечирди. Эзелтен Чыгыш менен Батышты байланыштырып, берекенин, молчулуктун жергеси болуп, соодага, маданий алакага жол ачып, өнүгүүгө өбөлгө түзгөн. Мезгилдин бардык сыноолорунан өтүп, байыркы шаар ар улуттун өкүлдөрүнө кучагын жайып, ынтымакта жана биримдикте жашоонун жакшы салттарын калыптандырган. Тилекке каршы, жакшылык менен жамандык, достук менен чагымчылдык жанаша жүрөт экен. Мындан төрт жыл мурда мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирип, ниети кара адамдар Ош шаарында жаңжалдын отун тутанткан. Эзелтен ынтымакта жашаган элдер ортосуна чагымчылык менен жалын таштап, бөлүп-жарууга умтулушкан. Сабырдуу, чыдамкай элибиз бар экен, мамлекеттик бийликтин жардамы менен каргашалуу окуяны тез токтоттук. Шаар турмушу калыбына келтирилип, элдин ичинде ынтымак орноп, жашоо өз нугуна түштү. Ош шаарынын башына түшкөн кыйынчылык Кыргызстан элинин биримдигин, татаал учурда бири-бирине жапа тырмак жардам берүүгө даяр экендигин далилдеди.
Кылымдап калыптанган ынтымакты элибиз саясий чайкоочулукка жем кылып таштабастыгын таасын көрсөттү. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн миллиарддаган сомдордон тышкары Ош шаары эгемендүү Кыргызстандын бардык жарандарынын жардамын, бир туугандык колдоосун даана сезип турду.
Урматтуу мекендештер!
Акыркы жылдары Ош шаарынын көп улуттуу эли өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү. Шаардын мектептери, жолдору оңдолуп, көптөгөн жаңы инфраструктуралык объекттердин курулуштары жүргүзүлүүдө. Ордолуу калаанын эли утурумдук кыйынчылыктарга моюн бербей, сабырдуулугун көрсөтүп, келечекке зор ишеним менен карап турган кези. Эзелтен көп улуттардын өкүлдөрүн баш коштуруп, бир максатка, жаратмандыкка багыттап турган Ош калаасы кылымдап калыптанган жакшы салттарды улап, ынтымактын, биримдиктин ордосу болуп жүрсүн. Экономикасы чыңдалып, өнөр жайы өнүксүн, соодасы өөрчүсүн, элдеринин алакасы арта берсин.
Ош калаасынын тургундарына чың ден соолук жана бакубатчылык каалайм. Ар бир үйгө береке толуп, ордолуу Ош шаарыбыз мындан ары гүлдөп, өнүгүп-өсө берсин!"