Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен өлкө башчы Алмазбек Атамбаев куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду 5-октябрдагы туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында тажикстандыктар мамлекеттин бардык тармактарында ырааттуу өнүгүүнү жана мындан аркы гүлдөшүн Эмомали Рахмондун ысымы менен байланыштырары белгиленген. “Тарыхый тамыры терең кыргыз-тажик мамилелери азыркы учурда бекемдөөгө жана ар тараптуу тереңдетүүгө чындап умтулуу менен айырмаланат. Азыркы позитивдүү динамика өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгына толугу менен жооп берип, регионалдык коопсуздукка жана туруктуулукка кызмат кыларына ишенем”,- деп айтылат куттуктоодо. Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонго чың ден соолук жана Тажикстандын боордош элинин бакубатчылыгына жана өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик каалады.

Айта кетсек, Эмомали Рахмон бүгүн 62 жашка толду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан