Исмаил Исаков: “Ошто депутаттарды жумуртка менен уруу - жергиликтүү кошоматчы жетекчилердин иши”

Ош шаарында оппозиция өкүлдөрүн жумуртка менен уруп, алардын жыйынын үзгүлтүккө учуратуу иши - атайын даярдалган окуя. Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков ушундай пикирде. Бул окуяга президент Алмазбек Атамбаевдин катышы жок экенин 6-октябрда телеканалдардын бириндеги түз эфирде айткан депутат буларды кошумчалады: “Мындай окуялардын баары башыбыздан өткөн. Бул ишке азыр президентти күнөөлөп жатышпайбы, бул туура эмес. Бул жергиликтүү бийликтин кошоматчылыгы. Башка көрсөтө турган иштери жок, билимсиз, тажрыйбасыз, планды аткара алышпайт. Анан “мына биз кармадык” деп президентке жагынышы керек болду. Мындай адамдар - 2010-жылы жаңы системди каалабай, Убактылуу өкмөттү тааныбай, Ошту басып алышкан Бакиевдин кадрлары”.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда Ошто жаштар менен жыйын өткөрмөкчү болгон депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду бир топ аялдар жумуртка менен уруп, залдан кууп чыгышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан