2015-жылдын алгачкы айларында Кыргызстанда 10го чукул адистештирилген спорттук мектеп ишке кирет. Эгер парламентте колдоо тапса, жыл башынан тарта футбол, баскетбол жана волейбол сыяктуу командалык спорт түрлөрү боюнча окутуучу спорттук мектептер иштеп баштайт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кечээ, 6-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
“Бизде азыр көбүнчө жекеликте кармашууга багытталган спорт түрлөрү боюнча мектептер иштеп жатат. Футбол, баскетбол жана волейбол сыяктуу командалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн ушундай кадамга барып жатабыз. Акыркы жылдары бул багытта дээрлик иш токтоп, мектептер иштебей калган”,- деп билдирди ал.