Тармактык комитет Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинен чыгуусу жөнүндө келишимдин долбоорлорун жактырды

Бүгүн, 7-октябрда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети Евразия экономикалык биримдигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин чечиминин (мамлекет башчыларынын деңгээлинде) жана Евразия экономикалык биримдигинин ишин токтотуу жөнүндө келишимдин долбоорлорун карап, долбоорду жактырды. Ага ылайык, Кыргызстан аталган биримдиктен чыгып, Евразия экономикалык союзуна кирүүгө аракет кылмакчы. Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин депутаттары да аталган биримдиктин кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарыларын айтты. "Биздин бир катар депутаттарыбыз бул биримдиктин кеңешине мүчө болушкан. Алар кийинки жылдан тартып чыгышат",- деди ал.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан