Бүгүн, 7-октябрда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүсү жөнүндө жол картасын жактырды. Экономика министри Темир Сариев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып бул биримдик Бажы биримдигинен кийинки биримдик болуп жатканын айтты. Келишимге ылайык, анда соода жүгүртүүнүн, жумушчу күчтөрдү жана товарлардын эркин жүгүртүлүүсүнө шарт түзүлөт.
"Жол картасында Кыргызстандын бул аймакка кирүүсү тууралуу жоболору камтылган. Бажы биримдиги, Бирдиктүү экономикалык аймак жана келечектеги Евразиялык экономикалык аймакка кирүү бир эле келишимде каралат",- деди Сариев. Аталган мейкиндикте учурда Орусия, Казакстан жана Беларусь бар.
Айта кетсек, буга чейин бирдиктүү экономикалык коомдук биримдик болуп келсе, эми бирдиктүү экономикалык союз болуп түзүлөт. Бирдиктүү экономикалык коомдук биримдикте салык, тариф жана бажы саясаты өз-өзүнчө болуп келсе, бирдиктүү экономикалык союзга кошулгандан соң бажы, тариф, салык саясаты бирдиктүү болот. Башкача айтканда, экономикалык саясат союзга мүчө мамлекеттерге бирдей иштейт.