Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 7-октябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссары Астрид Турсту кабыл алды. Тараптар өлкөдөгү ички саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулаганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Оторбаев калктын биометрикалык маалыматтарын топтоо технологияларын жайылтуу иши жөнүндө маалымат берди. "Өлкө таза жана ачык президенттик, парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярданууда. Учурда шайлоо мыйзамдарын даярдоонун аяктоо процесси жүрүп жатат. Мыйзамдарда шайлоолордун ачыктыгын камсыздоо үчүн этникалык азчылыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган чаралар сакталууда",- деп билдирди премьер.
ЕККУнун өкүлү биометрикалык маалымат базасын түзүүнүн зарылдыгын белгилеп, "шайлоо процесстерине электрондук системди колдонуу - таза жана ачык шайлоолорду өткөрүүгө ташталган позитивдүү кадам" деп билдирди.