Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоору чек арага жакын жайгашкан калктуу аймактардын тургундарын акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик чек араны сактоого тартуунун тартибин аныктайт жана чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын, милдеттерин жана аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн ыйгарым укуктарды белгилейт. Талкууда депутаттар мыйзам долбоорунун зарылдыгын айтып, колдоого чакырышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору кабыл алынары менен чек арага танапташ айылдарга жапырт курал-жарак таратылбастыгын айтып, курал берүү тартибин өкмөт Чек ара кызматы менен макулдашуу аркылуу аныктаарын баса белгиледи.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.