Кыргызстандагы техникалык жөнгө салуунун негиздери кайрадан ыраатташтырылып жатат

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңеште өкмөт тарабынан демилгеленген “КРнын техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзам жоболорун ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Баяндамачы депутат Замир Бекбоевдин айтымында, мыйзам долбоору укук-ченемдик актыдагы айрым так эместиктерди жоюу, ошондой эле аны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Ал эми экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев мыйзам долбооруна эл аралык талаптарга ылайык келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөр менен толуктоолор да киргизилип жатканын, буга чейин бир катар мыйзамдардын мыйзам алдындагы актылары иштелип чыкпаганын белгиледи.

“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди эске алуу менен үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан