Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому каралууда. Жыйында
"Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин Бүткүл дүйнөлүк соода уюму кандай чараларды колдоноруна кызыкты. "Биз аталган уюмга 1997-жылы киргенбиз. Буга кирүү оңой эмес. Өкмөт бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүздүбү? Бүткүл дүйнөлүк соода уюму Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдойбу же нааразы болобу?"- деп сурады депутат.Дыйканбаев экономика тармагы боюнча пикирин айтты. "Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун адам жакырчылыкта жашайт. Бажы биримдигине киргенибизде жакырчылыктын деңгээли 50 пайызга чейин өсүп кетпеш үчүн Экономика министрлиги бааларды жөнгө салуу боюнча кандай иштерди аткара алат?"- деди Дыйканбаев.