Өмүрбек Текебаев Бажы союзу боюнча: "Орусия батыштын кысымынан улам көзүн жалдыратып отурат, учурдан пайдаланып биримдикке киришибиз керек"

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча позициясын айтты. Парламентте өлкөнүн Бажы союзуна киришине тийиштүү мыйзам долбоорлоруна добуш берилгени жатат. Өмүрбек Текебаев биримдикке кирүүнүн мамлекет үчүн зыянынан пайдасы көп болорун белгиледи. 
"Биз улуттук кызыкчылык эмне экенин билишибиз керек. Президенттен баштап кароолчуга, жаш баладан баштап аксакалга чейин мамлекеттик кызыкчылыкты акылыбыз менен эмес, жүрөгүбүз менен туюшубуз зарыл. Энергетикалык кырдаалды сөз кылалы. Быйыл суу аз, свет болбойт деп коркуп отурабыз. Энергетикалык көз карандысыздык боюнча маселе кабыргасынан коюлууда. Акча тапканыбыз менен, ГЭСтерди курушубуз кыйын. Мына жакында Өзбекстандын өкүлү БУУда баяндама жасады, Кыргызстанга ГЭС курууга уруксат бербейбиз деп жатат. Бул маселеде бизге саясий калкан керек, Орусия ГЭСтерди курганы жатат. Тажикстан ГЭС курабыз деди эле, Өзбекстан Тажикстанды блокадага алып, кыйынчылык жаратууда. Бүгүнкү күндө Тажикстан "жылаңач калсак да ГЭС курабыз" деп жатат. Туура, түштүк аймагына газ берилбей калды. Бирок "Газпром" түштүктө газ запастары бар экенин, ал бир нече жылга жетиши мүмкүндүгүн айтууда. Эгер андай болбой калса, кошумча жолдору бар экенин билдирип жатат. Бул жаатта Өзбекстанга көз каранды болбошубуз керек. Улуттук кадыр-барк, ар-намыс үчүн айрым кыйынчылыктарга чыдашыбыз керек",- деди Текебаев.
"Ата Мекендин" лидери Бажы союзундагы айрым жагдайларга токтолду. 
"Бажы союзуна кирбесек эмне болот? Эртең чек арабыз жабылып, сүтүбүз да, этибиз да сыртка чыкпай калат. Батыштын санкциялары кысып, учурда Орусия көзүн жалдыратып отурат, "Дос бар бекен?" деп. Ушундайда эсептешип, тең ата сүйлөшүп, өзүбүздүн кызыкчылыкты коргоо аркылуу Бажы биримдигине кирип алышыбыз керек. Ооба, баалар кымбаттайт, бирок ал акча бюджетке түшөт. Биздин өтпөй жаткан картошкабыз экспорттолуп, баа көтөрүлөт.
Дыйкандар, фермерлер, тигүүчүлөр, айтор, өндүрүүчүлөр үчүн баалардын өсүшү жакшы. Бизге окшоп эч нерсе өндүрбөгөн, элдин жонунда отурган чиновниктерге бир аз кыйын болот. Бирок баалар бардык товарларга кымбаттабайт",- деп кошумчалады депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан