"Бажы биримдигине кирбешибиз керек, анткени бул Кыргызстанды келечекке эмес, артка сүйрөй турган уюм",- деп билдирди депутат Равшан Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Депутат бул биримдик пайда алып келбей турганын Казакстандан көрүүгө болот деп эсептейт.
"Биримдикке кирсек кандай кыйынчылыктар күтүп турганын айтып коёюн. Өкмөт "биримдикке кирсек өлкө ишкерлерине чоң рынок пайда болот" деп жатат. Казакстандын эксперттери айтып жатышат, "эч кандай рынок жок, тескери кетип жатабыз" деп. Эч кандай өзгөрүү болбоптур. Эми ишкерлерди колдоо үчүн Орусия жылына 8 миллиард доллар субсидия жумшайт, Казакстан атайын ишкерлерди колдоо үчүн банктардан жеңилдетилген негизде кредиттик насыя берет. Кыргызстан эч кандай колдоо кылбайт",- деди ал.
Оппозиция өкүлү Кыргызстан атаандаштыкка туруштук бере албай турганын айтат.
"Биздеги айыл чарба азык-түлүгү менен Орусиянын бир гана районун камсыздай алабыз. Айыл чарба үчүн Орусия жылына 4 миллиард субсидия бөлсө, Казакстан 80 миллиард теңге бөлөт. Кыргызстан 100 миллион сом берет. Бул акча менен биз биримдикке кирген мамлекеттердин айыл чарбасына атаандаштык кыла албайбыз. Айлык жагынан да айырма чоң. Баа көтөрүлгөндөн кийин биздин врачтар, мугалимдер алардыкы менен тең жашай албайт",- деди Жээнбеков.