Алмазбек Атамбаев Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун өкүлү Астрид Торсту кабыл алды

Бүгүн, 8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев улуттар азчылыгы иштери боюнча Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосунда этностор аралык мамилелер боюнча кызматташуусунун түрдүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы өлкөдөгү ички саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал туурасында маалымдап, Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоого багытталып иштелип чыккан стратегиялык документтерди ишке ашырууга басым жасады.

Астрид Торс тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, тил саясатын өркүндөтүү боюнча Кыргызстанда көп иштер жасалгандыгын белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин этностор аралык ынтымагын жана биримдигин бекемдөө үчүн жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруунун маанисин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан