Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорун 1-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорун 1-окууда кабыл алды. Чечим парламенттин 8-октябрдагы жыйынында көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен кабыл алынды. Жыйында фракциялар, депутаттык топтор өлкөнүн биримдикке кириши боюнча өз позицияларын билдиришти. Бажы союзуна кирүүнү "Ата Мекен", "Ар-намыс", "Республика" жана КСДП фракциялары колдой турганы айтылса, "Ата Журт" фракциясы позициясын ачыктоодон баш тартты. Муну фракция лидери Жылдыз Жолдошова маселе фракцияда карала электиги менен түшүндүрсө, бир катар депутаттар фракциянын бул аракетин "жоопкерчиликтен качуу" деп баалашты. Төрага Асылбек Жээнбеков"Маселе акыркы 2 жылдан бери активдүү талкууланып жатат. Коомдук угуулар өттү, комитеттерде каралды. Силер карабасаңар биз жүрө беришибиз керекпи? Бул келишим эмес, мыйзам долбоорлору. Аны палатага алып чыгууга фракциянын чечиминин кереги жок, добуш берүүгө коюлат. Андан кийин каалаганча карай бергиле, эч ким силердин укугуңарды талашкан жок",- деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан