Чек ара аймагында жашаган айрым жарандарга чек араны коргоо үчүн курал берилет. Буга байланышкан мыйзам долбоору бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, 3-окууда колдоо тапты. Мыйзам чек арага жакын жайгашкан калктуу аймактардын тургундарын акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик чек араны сактоого тартуунун тартибин аныктайт жана чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын, милдеттерин жана аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн ыйгарым укуктарды белгилейт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору кабыл алынары менен чек арага танапташ айылдарга жапырт курал-жарак таратылбастыгын айтып, курал берүү тартибин өкмөт Чек ара кызматы менен макулдашуу аркылуу аныктаарын баса белгиледи.