Кыргызстанда спирт ичимдиктерин саат 6:00дөн түнкү 12ге чейин жарнамалоого тыюу салынат

Жогорку Кеңештин 8-октябрдагы жыйынында жарнама жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, алкоголдук ичимдиктерди ММКлар аркылуу саат 00:00дөн баштап 06:00гө чейин гана жарнамалоого уруксат берилет.

Ичимдиктерди саат 22:00дөн баштап жарнамалап жатышат, бул туура эмес. Ошондуктан биз саат 00:00дөн баштап 06:00гө чейин гана уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Норманы бузгандарга айып пулдун көлөмү көтөрүлөт”,- деди Бекешев.

Депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан