Жогорку Кеңеш 8-октябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү жол-жоболорунун алкагында иштелип чыккан бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, 11 мыйзам долбоорунан турган топтом биринчи окууда кабыл алынды. Алар төмөнкүлөр:
- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Бажы кодексине, “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамга).
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
- “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзамдарга).
- “Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.
Белгилей кетсек, ушу тапта 16 мыйзам долбоору иштелип чыкты: бажыны башкаруу – 4 мыйзам долбоору, техникалык регламент – 2 мыйзам долбоору, бажы тарифи жана тарифтик эмес жөнгө салуу – 6 мыйзам долбоору, соода – 1 мыйзам долбоору, каржы жаатында – 1 мыйзам долбоору.