Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, Орусиядагы мигранттардын орточо айлыгы 30 миң рублга чейин өсүшү мүмкүн

Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, экономикалык жактан туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Муну депутат Абдыманап Кутушов "Парламент" радиосунун 8-октябрдагы түз эфиринде билдирди. Депутат өлкө өзүнүн товарын экспорттомоюнча өнүкпөй турганын айтты. "Орусиядагы диаспора өкүлдөрүнүн бири учурда Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын орточо айлыгы 18 миң рубль экенин билдирди. Мигранттардын көбү аймакта мыйзамсыз жүргөндүктөн, кожоюндары аларга айлыкты аз беришет, Федералдык миграция кызматына пара беришет. Эгер өлкө Бажы биримдигине кирсе, Орусиядагы мигранттардын статусу көтөрүлүп, мунун арты менен айлыктары 30 миң рублга чейин жетиши күтүлөт",- дейт депутат.   
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан