Асылбек Жээнбеков: "Энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо - азыркы мамлекеттик саясаттын өзөгү"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кабыл алды. Жолугушууда айыл жериндеги социалдык-экономикалык маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Асылбек Жээнбеков кебин парламенттик демократиянын табиятынан баштап, акыркы төрт жылда жасалган иштерге жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Айтымында, күчтүү армия түптөөгө багытталган Аскер доктринасы, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо, өлкө экономикасын көтөрүү сыяктуу орчуңдуу кадамдар бүгүнкү мамлекеттик саясаттын өзөгүн түзөт. "Президентибиз баш болуп күчтүү армия түптөө, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү багытында иш жүргүзүп жатабыз. Биринчи жолу диний кырдаал Коргоо кеңешинде каралды. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеште мамлекеттик тил маселеси кеңири талкууланып, атайын программа кабыл алынды",- деди спикер.  

Парламент жетекчиси электр энергиясы, газ жетиштүү болсо, инвесторлордун агымы өсөрүн, мунун арты менен жаңы иш орундары түзүлөрүн белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан