Кыргызстандын өкмөтү Бажы союзуна киргенден кийин карантиндик көзөмөлгө алынуучу азык-түлүктөрдүн тизмесин бекитти

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышы бар өкмөттүн токтомуна кол койду. Ага ылайык, карантиндик-фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмеси бекитилди.

Аталган токтом өкмөттүн 2014-жылдын 5-августундагы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы №74-чечими менен бекитилген курамына Беларусь, Казакстан жана Орусия кирген Бажы союзуна Кыргызстандын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (жол картасын) ишке ашыруу боюнча өкмөттүн тийиштүү токтомун ишке ашыруу максатында кабыл алынганы айтылды. Тизме жакын арада жарыяланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан