Жогорку Кеңештин делегациялары үчүн Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы атайын кеңсе бөлдү. Парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева билдиргендей, эми ал жерде туруктуу иштей турган атайын өкүл тандалышы керек. "Иш бөлмөсүн тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо шарттары дагы караштырылат. Ал жерде ишти жөнгө сала турган өкүл бир гана парламентке эмес, өкмөткө дагы бирдей кызмат кылуу милдетин мойнуна алат. Ага кетүүчү чыгымдар республикалык бюджеттен каралат деген менен, эл аралык уюмдардын каржылык колдоолоруна дагы таянуу мүмкүнчүлүктөрү бар”,- дейт Сасыкбаева.
Депутат Жогорку Кеңешти өнүктүрүүнүн стратегиясынын алкагында ишке ашып жаткан видеоконференция, турникет системинин ишке берилгени адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жол ачкандыгын айтты.