Абдыманап Кутушов "оппозиция сунуштаган "Мамлекетти башкаруунун жаңы концепциясында" жаңы эч нерсе жок"

"Кыргызстанда оппозиция сунуштап жаткан "Мамлекетти башкаруунун жаңы концепциясында" жаңы көзгө толумдуу эч нерсе жок". Парламент депутаты Абдыманап Кутушов ушундай пикирде. Анын билдиришинче, сунушталып жаткан идеялардын колдоого алынышы кыйын. "Президентти парламент шайлашы керек, облус-райондорду жоюу туура дешүүдө. Президенттик шайлоодо 120 депутатты сатып алуу коркунучу бар, муну дүйнөлүк тажрыйбадан улам көрсөк болот. Район-облустардын ордуна жаңы аймактык бирдиктерди түзүү да кыйын нерсе. Азыр кырдаал башкача, "аймактык бирдиктин борбору бизде болуш керек" деп айылдар ортосунда талаш жаралат",- дейт депутат.
Кутушов тергөө укугун Башкы прокуратурадан алып, өкмөттүн алдындагы комитетке берүү сунушуна кескин каршы. "Мындай болсо өкмөт башчы каалаган ишти ачып, каалабаганын жаап салуу процесси башталат",- дейт ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан