Кыргызстан менен Түштүк Кореянын кызматташтыгы боюнча меморандумга 8-октябрда өкмөттө кол коюлду. Документке өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев менен Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сок кол койду. Меморандумга ылайык, экономика, маданият, туризм, билим берүү тармагындагы долбоорлор ишке ашырылмакчы. Момуналиев айыл чарба тармагы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын кызматташтыгында негизги ролду ээлей турган тармак экенин айтат. "Кыргызстанда дары-дармек өсүмдүктөрүнүн көптөгөн түрү өсөт. Кыргызстандын өкмөтү бул жаатта кызматташуу боюнча кореялык тараптын сунушун кубануу менен кабыл алды",- деди ал.