Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков 8-октябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссары
Астрид Торс менен жолугушту. Спикер Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жигердүү иштер жасалып жатканын билдирди.
"Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо жана улуттар аралык мамилелерди бекемдөө өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү шарты болуп саналат",- деди ал.
Жээнбеков этностордун өкүлдөрү мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлинде тартылганын белгиледи. Өлкөнүн жогорку өкүлчүлүк жана мыйзам чыгаруу органына шайлана турган саясий партиялар талапкерлеринин тизмесинде улуттук азчылык өкүлдөрүнүн кеңири камтылуусуна кызыкдар экенин кошумчалады.
Өлкөдөгү тил саясатына токтолгон төрага Кыргызстан көп тилдүү саясатты ишке ашыруу багытын алгандыгын белгиледи. “Эки жана андан ашык тилде окутуу жүргүзүлгөн 493 мектеп же 20,6 пайыз мектеп көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө жакшы база болуп берет. Биз Кыргызстанда жашаган башка улуттардын тилинин өнүгүшүнө зыян келтирбестен кыргыз тилин өнүктүрөбүз. Кыргыз тилин билүү Кыргызстан калкынын бирдиктүү эл болуп калыптануусунун негизи болуш керек”,- дейт Жээнбеков.
Астрид Торс Кыргызстандын жетекчилигинин этностор ортосундагы мамилелерди бекемдөө, тынчтыкты жана ынтымакты сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.