Кыргызстандын Каржы министрлиги министрликтин атайын эсебиндеги акчаны мыйзамсыз кармоо жана пайдалануу фактысы боюнча министрликтин айрым кызматкерлерине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыш ишинин козголушу боюнча билдирүү жасады. Мекеме төмөнкүлөрдү билдирет:
"Каржы министрлигинин атайын эсебиндеги каражаттар өкмөттүн 2000-жылдын 28-февралындагы №104-токтому менен бекитилген “Атайын эсепти түзүү жана пайдалануу жөнүндө” жобого ылайык, кийинки өзгөртүү жана толуктоолорду эске алуу менен түзүлөт, башкача айтканда, министрлик атайын эсеп менен 14 жылга жакын иш жүргүзүп келген.
Эсептеги каражаттарды иштетүүнүн мыйзамдуулугу республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётту текшерүүдө жыл сайын Эсептөө палатасы тарабынан текшерилип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлчү. Эсептөө палатасы атайын эсептеги каражаттарды түзүүнүн укук ченемдүү эместиги тууралуу эч кандай корутунду берген эмес.
2014-жылдын 31-июлунда гана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын 2014-жылдын 23-июлундагы №3/22947-катынын негизинде даярдалган Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын инспекторунун мезгил аралык актысы берилген. Анда жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун башка ченемдик-укуктук актыларга карама-каршы келери көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына 2014-жылдын 13-августунда (чыгыш №06-1-2/9270) жобонун башка ченемдик-укуктук актыларга карама-каршы келеринин негиздемеси жетиштүү эместиги тууралуу каршы пикирлер жана сын-пикирлер жөнөтүлгөн.
Каржы министрлиги Эсептөө палатасынын инспектору тарабынан УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын 2014-жылдын 23-июлундагы №3/22947-катында коюлган маселе бардык тараптан каралган да, изилденген да эмес, ал эми Каржы министрлигине маалыматтарды, далилдерди берүү жана мезгил аралык актыга карата каршы пикирлерди билдирүү үчүн убакыт берилген эмес деп эсептейт.
Каржы министрлиги ушул убакка чейин өкмөттүн 2000-жылдын 28-февралындагы №104-токтому колдонуудагы токтом болуп саналарын жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КРнын Конституциялык мыйзамына ылайык атайын каражаттарды пайдаланууда министрлик тарабынан колдонуларын белгилейт".
Айта кетсек, аталган маселе боюнча Каржы министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун УКМК 1-октябрда билдирген болчу.