Кыргызстанда учурда 4 миңдей почта кызматкери бар

Кыргызстанда учурда 922 почта түйүнү, 4000дей почта кызматкери иштеп жатат. Транспорт жана коммуникация министри билдиргендей, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна 1993-жылдан бери мүчө. Бүгүн, 9-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк почта кызматкерлеринин күнү. Буга байланыштуу бүгүн Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде атайын майрамдык иш-чара өтүп, анда тармактын мыкты кызматкерлери сыйланышат. "Почта социалдык функцияны аткаруу менен ар дайым турмуш зарылдыгы болуп келген. Почтасыз жарандардын, өлкөлөрдүн ортосундагы байланыш начарлап кетет. Почтанын тарыхы - адамзат тарыхынын маанилүү бөлүгү экени талашсыз",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан