Алмазбек Атамбаев Минскте өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда Минск шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кеңешинин, Евразия экономикалык коомчулугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин, Казакстан, Орусия жана Беларусь өлкөлөрүнүн Жогорку евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Муну президенттик аппараттан бүгүн, 9-октябрда билдирди. Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушууларды өткөрмөкчү. 
Айта кетсек, жыйында Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык союзга кириши боюнча жол картасы да каралмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан