Мирлан Бакиров: "Дыйкандардын мээнети акталбай калды, тезинен чара көрбөсөк болбойт"

Ош облусунун дыйкандары пахталарын сатып өткөрүүгө жардамдашууну суранып кайрылышууда. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында билдирди. Анын билдиришинче, Кыргызстан Бажы биримдигине кирип жаткандыктан, өлкөнүн жеңил өнөр жайын көтөрүү зарыл.

"Дыйкандардын эмгегинин акыбети кайтпай калды, алардын продукциясын сатып алчулар жок. Кезинде Кыргызстанда 40 миң гектарга чейин пахта эгилген, азыр эки эсеге чейин кыскарып кетти. Өкмөт башчы жакында жардам болот деди эле, азыркыга чейин андан дайын жок. Ушул маселеге көңүл буруп, тезинен чараларды көрүш керек",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан