Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат
Исмаил Исаков Бишкектин көчөлөрүндөгү ыңгайсыздыктарды айтып чыкты. Депутат шаардын Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги жагдайды тартипке келтирүү керектигин айтат.
"Бул көчөлөрдүн кесилишинде баш аламандык, жөө адамдар өтө алышпайт. Жакында кыш келет, унаалар 30-40 мүнөт тыгында турушат, мунун айынан башка көчөлөрдө да автотыгын. Бул жерди бир тартипке салып койсо болот да",- дейт депутат.
Депутат шаар көчөлөрүн жарыктандыруу ойдогудай эмес экенин кошумчалады.