Депутаттар Бишкектен "Манас" аэропортуна барчу жолдун боюндагы үйлөрдүн көркүнө нааразы. Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов ушул маселени айтып чыкты. Анын айтымында, Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр шаардын көркүн бузуп жатат.
"Өкмөт тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр көбөйүп кетти. "Манас" аэропортунан Бишкекке кирип келе жаткан жолдун боюн карагыла. Баары самсаалап, лөлүлөрдүн мааласына айланып калды. Борбор калаага биринчи ирет келип жаткан адам өзүн чоң айылга келип калгандай сезет",- деди Бекматов.