9-10-октябрь күндөрү Улуу Британиянын юстиция министри Лорд Эдвард Фолкс Кыргызстанда иш сапары менен болот. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын максаты - КРнын сот жана укук коргоо тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар менен таанышуу. Анын жүрүшүндө министр Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги чиновниктери менен жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары укук тармактарындагы адистер жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Ал эми КРнын Юридикалык академиясында Эдвард Фолкстун лекция окуп берүүсү пландалган.
Айта кетсек, Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев учурда Уулу Британияда жашап жүргөнү айтылып келет.