Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу "Куттуу-Сай 2" жана "Кала-Сай" кендери боюнча эки компанияны эл аралык сотто (КМШ экономикалык сотунда) утуп алганын билдирди. "Куттуу-Сай" кенинин наркы "Кумтөрдөн" үч эсе жогору турарын белгилеген депутат аталган кенди сынактык сатыкка чыгарууну сунуштады.
"Куттуу-Сай" компаниясы кезинде көз боочулук кылып, мамлекеттик алдоо менен, кенди иштетүү лицензиясына ээ болгон. Ошондон бери башыбызды айлантып келди. Алар Москва соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраждык сотто Кыргызстанды 130 миллион долларга утуп алган. Бирок бул жолу юристтер жакшы иштегендиктен, утуш биз тарапта болду. Эми сатык сынагын таза жана ачык-айкын өткөрүп, "Кумтөрдүн" тагдырын кайталабаш керек",- дейт Иманалиев.