Ош шаарындагы студенттер кышында свет менен үзгүлтүксүз камсыздоону же кышкы каникулду узартууну сунушташууда. Муну парламенттин 9-октябрдагы жыйынында депутат
Бөдөш Мамырова билдирип, буга тийиштүү чара көрүүнү өкмөттөн өтүндү.
"Батирде жашаган студенттер "Жарык көп өчө турган болсо, кышында батирде тоңуп калабыз. Каникулду узарткыла, кышты айылдарыбыздан өткөрөлү" деп жатышат. Муну карап көрөлү",- деди депутат.
Мамырова кышка даярдык көрүү боюнча Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин сөзүн сынга алды. "Ошто өткөн жыйында шаар мэри "Жыйынга ректорлор эмнеге келген жок, алар кышка даяр бекен?! Мындай болсо окуу жайларын шаардан чыгарып кетишсин да, окута беришсин" дейт. Бул эмне деген мамиле?"- дейт ал.